Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Вебкам иши: Даниел Ажиев Өзбекстанда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлдү

0
Вебкам иши: Даниел Ажиев Өзбекстанда кармалып, Кыргызстанга өткөрүлдү

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети көп сандагы вебкам студияларды уюштурган деген негизде Д.А. аттуу кыргыз жараны Өзбекстандын аймагынан кармалганын 5-июнда билдирди.

Атайын кызмат тараткан маалыматтагы Д.А. деген инициал Даниел Ажиевге туура келет. Мекеме анын кармалган учурдагы сүрөтүн да жарыялады.

Маалыматка караганда, буга чейин Э.А. аттуу жарандын арызынын негизинде Ажиев жетектеген "трансулуттук туруктуу кылмыштуу топтун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлган".

Вебкам студияларынын оператору болуп турган Э.А. аттуу жаран арызында эмгек тартибин бузган деген негизде Н.Ш. деген администратордун психологиялык басымына кабылганын, ал коркутуу жолу менен 2000 доллар талап кылганын айткан.

"Бул маалыматтар Д.А.га таандык үч чоң студияда тинтүү иштерин жүргүзүүгө негиз болуп, ал жерлерде 30 оператор жана ар кандай интернет-платформаларда (атайын түзүлгөн интернет сайттар) акчага интимдик кызматтарды көрсөтүү үчүн колдонулган 80 даана компьютердик техника болгон. Топтун мүчөлөрү чет мамлекеттердин аймагында да Д.А. тарабынан түзүлгөн аянтчаларда интимдик мүнөздөгү кызматтарды көрсөтүп, эбегейсиз киреше алып турган “моделдер” делген кыздарды тарткан", - деп жазылган маалыматта.

Атайын кызмат операторлор үч нөөмөт менен иштегенин, кызматкерлер болжол менен 18 жаштан 25 жашка чейинки 300гө жакын адамдан турганын кошумчалады.

Кылмыш ишинин алкагында бул топтун активдүү үч мүчөсү кармалып, аларга тиешелүү айып тагылган. Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен алар камакка алынган.

Д.А. 31-майда Кыргызстандын аймагынан чыгып кеткендигине байланыштуу ага издөө жарыяланган жана андан кийин УКМКнын суранычы менен Өзбекстандан БАЭге учууга аракет кылып жаткен жеринен кармалган. 4-июнда Кыргызстанга өткөрүлгөн.

Даниел Ажиев жана анын адвокаттары азырынча комментарий бере элек.

Ажиев 2020-жылдын март айында Инстаграмдагы баракчасына видео жарыялап, муктаждарга жардам таратканын сындагандарга нааразы болуп сөгүнгөн. Ошондон кийин Жазык кодексинин 313-беренеси («Расалык, улуттук, диний же аймак аралык кастыкты козутуу») боюнча шектүү катары кармалган. Биринчи май райондук сотунун чечими менен 2020-жылы 3-сентябрда Жалал-Абад облусундагы Жаңы-Жер айылында жайгашкан психиатриялык диспансерге жөнөтүлгөнү белгилүү болгон.

Андан кийин анын интернеттеги кадамдары ар кандай талкуу, сындарды жаратып жүргөн.

Ажиев Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Темирлан Токобеков 2019-жылы төрт өмүрдү алган жол кырсыгына катышканын бир канча жолу айтып чыккан.

2021-жылы "Азаттыктын" журналисттери чоң каражат айланган Кыргызстандагы вебкам-студияларда иштеген кыздардын талкаланган тагдырын, Телеграм топтордогу ормон опузаны иликтеген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *