Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Бишкекте кыргыз-британ кызматташтыгы талкууланды

0
Бишкекте кыргыз-британ кызматташтыгы талкууланды

5-июнда Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Улуу Британиянын тышкы иштер министринин орун басары Лео Докертини кабыл алды.

Министрликтин маалыматы боюнча, жолугушууда тараптар кыргыз-британ кызматташтыгын талкуулашты.

Жээнбек Кулубаев Улуу Британия менен соода-экономикалык кызматташтыктын, анын ичинде инвестицияны тартуунун маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар маданий-гуманитардык, өзгөчө билим берүү, ошондой эле эки өлкөнүн жарандарынын ортосундагы байланыштарды кеңейтүү керектигин белгилешти.

Улуу Британиянын Тышкы иштер министрлигинин санкциялар боюнча директору Дэвид Рид өткөн айда Бишкекке келип, ишкерлер, өкмөт өкүлдөрү менен жолугуп, Кыргызстанды Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жардам бербөөнү эскерткен.

19-майда болсо Улуу Британиянын парламентинин тышкы иштер боюнча комитетинин төрайымы Алисия Кернс жана комитеттин мүчөсү Нил Койл Бишкекте журналисттер менен жолукканда Кыргызстанды тогуз категориядагы товарды Орусияга экспорт кылбоого чакырып жатканын билдиришкен болчу.

Май айында АКШ Орусиянын 69 компаниясын “кара тизмеге” киргизген, алардан тышкары Армениянын бир, Кыргызстандын бир компаниясы санкцияга кабылган.

Март айында Европа Биримдигинин санкциялар боюнча атайын өкүлү Дэвид О’Салливан Бишкекке келип, сүйлөшүү жүргүзгөн. Ал биримдиктеги өлкөлөр менен Борбор Азиянын ортосундагы товар сатуу 300% өскөнүн белгилеп, Орусиянын санкцияларды кыйгап өтүшүнө жол бербөө маселесин койгон.

Европа кеңешинин президенти Шарль Мишел Чолпон-Атада 2-3-июнда өткөн "Европа Биримдиги -Борбордук Азия" саммитинен кийинки маалымат жыйынында “Азаттык” радиосунун санкция боюнча суроосуна жооп берип жатып, "Шаркет Орусиянын согуш машинасын колдогондорго чара көрүп жатканын, жаңы санкциялар учурда талкууланып атканын" билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *