Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Бишкекте Дооронбек Садырбаевдин эстелиги ачылды

0
Бишкекте Дооронбек Садырбаевдин эстелиги ачылды

5-июнда Бишкекте Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргыз Республикасынын Баатыры Дооронбек Садырбаевдин эстелиги ачылды.

Иш-чарага мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касманбетов, Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, депутаттар Адахан Мадумаров, Мирлан Самыйкожо, Нуржигит Кадырбеков, Акылбек Түмөнбаев, Бакыт Үсөнов, ошондой эле парламенттин экс-спикери Медеткан Шеримкулов баштаган бир катар мамлекеттик жана коомдук ишмерлер катышты.

Кыргызстандын эл артисти Түгөлбай Казаков  Садырбаевди жакындан билген замандашы катары анын басып өткөн жолу өрнөктүү өмүр экенин айтты.

Сүйлөгөндөр Садырбаев көп кырдуу талант болгонун, ал режиссер, акын, сценарист, артист жана коомдук ишмер катары ар багыттын майын чыгара билген инсандыгына токтолушту.

Саясатчы катары акыйкат, кыргыз элим деп жүрүп көп эмгек өтөгөнүн эскеришти.

1995-жылдан тартып ал көзү өткөнчө ал Жогорку Кеңештин депутаты (1995-2008) болгон. Ал эл өкүлү кезинде калыс сөзү, оппозициячыл маанайы менен айырмаланган.

2004-жылы ноябрда “Ата журт” оппозициялык кыймыл түзгөн (анын уюштуруучуларынын бири - мурдагы президент Роза Отунбаева болгон).

2005-жылкы 24-марттагы элдик ыңкылапты колдогон коомдук ишмерлердин бири.

Садырбаев 2008-жылы 28-майда оорудан кийин көз жумган. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган. Кыргыз коомчулугунун эсинде ал мекенчил, өлкөдөгү абалга кайдыгер карабаган адам катары калды.

Садырбаев 1939-жылы 13-февралда Жалал-Абад облусунун Ноокен районундагы Апыртан айылында туулган. Ленинграддагы Театр, музыка жана кинематография институтун аяктаган.

Садырбаев 70тен ашуун даректүү фильмдин, “Арман”, “Махабат дастаны”, “Эне бөрүнүн ыйы” өңдүү 16 көркөм тасманын автору. Кыргыз эли башынан өткөргөн 1916-жылдагы үркүн жана Ош окуялары боюнча тасма тарткан. Анын "Кайран эл" фильми үркүн темасына арналып, бирок жалпы элге көргөзүлгөн эмес.

Садырбаевдин сегиз көркөм жыйнагы жана 700дөн ашык публицистикалык макаласы жарык көргөн.

Д.Садырбаевдин ысымы Бишкектеги мурдагы Бах көчөсүнө жана "Кыргызтелефильм" студиясына (УТРКдагы) берилген.

2008-жылы көзү өткөндөн кийин Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы ыйгарылган. (КО)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *