Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

БШК талапкер Улан Сариевдин каттоосун дагы жокко чыгарды

0
БШК талапкер Улан Сариевдин каттоосун дагы жокко чыгарды

Борбордук шайлоо комиссиясы 5-июнда кечинде Ленин району боюнча ат салышкан дагы бир депутаттыкка талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды.

2-июнда БШКнын дарегине УКМКнын Бишкек башкармалыгынан талапкер Улан Сариев шайлоо процессинде бир катар мыйзам бузууларды жасаган деген маалымат келип түшкөн.

Атап айтканда ал шайлоочулардын добуштарын сатып алды, муниципалдык кызматчыны жана аймактык коомдук башкаруучу кызматкерди үгүт иштерине тартты, административдик ресурс пайдаланды, шайлоо фондунда каралбаган каражаты пайдаланды жана шайлоочуларды системалуу түрдө ташып келди деп шектелген.

Комиссиянын жыйынында УКМКнын Бишкек боюнча башкармалыгынын өкүлү маалымат берди. Бирок Улан Сариевди кылмыш жоопкерчилигине тартууну суранган жок.

Натыйжада БШК талапкер Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарды. Негизги расмий себеп катары ал каражатты шайлоо фондун кыйгап өтүп пайдаланды деп негизделди. 

Талапкер Улан Сариев дагы шайлоо фондунда каралбаган 25 миңди сомду ижара акысына жумшаганын мойнуна алды. 

Бүгүн БШК башка бир талапкер Дамира Ниязалиеванын каттоосун жокко чыгарып, аны кылмыш жообуна тартууга макулдук берген.

Бишкектин Ленин районундагы кайра шайлоо 28-майда өткөн.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *