Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Казакстанда оппозициячыл саясатчы пара алууга шек саналып кармалды

0
Казакстанда оппозициячыл саясатчы пара алууга шек саналып кармалды

Казакстанда каттоодон өтпөгөн «Эл тиреги» партиясынын лидери Нуржан Алтаев «ири өлчөмдөгү пара алууга» шектелип кармалды. Бул тууралуу 7-июнда Коррупцияга каршы күрөшүү агенттиги билдирди. "Азаттыктын" казак кызматы Алтаевдин өзү менен байланыша алган жок.

Kozachkov offside Телеграм-каналы өз булактарына таянып жазганына караганда, Алтаев айыл чарба министринин орун басары болуп турган кездеги окуяга байланыштуу кармалды. Бирок бул маалыматты башка булактардан ырастоо мүмкүн боло элек.

Алтаев айыл чарба министринин, эмгек жана калкты коргоо министринин орун басары болуп эмгектенген. 2019-2020-жылдары «Нур Отан» партиясынын курамында парламент депутаты болгон.

Жаңы партия түптөө планы бардыгын айткандан кийин депуттатык мандатынан ажырап, партия курамынан чыгарылган. Кийин «Эл тиреги» партиясын каттоодон өткөрө албай, бул үчүн Юстиция министрлигин айыптаган. Мекеме дооматтардын баарын четке каккан. Алтаев соңку парламенттик шайлоого жеке талапкер катышып, өтпөй калган. Ал кийин шайлоо адилетсиздигин айткан «Калк парламенти» кыймылына кошулган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *