Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Санкт-Петербург: калайман мушташта эки кыргыз жараны камалды

0
Санкт-Петербург: калайман мушташта эки кыргыз жараны камалды

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Санкт-Петербург шаарында "Лахта борбордун" жанындагы мигранттардын калайман мушташына байланыштуу маалымат берди. Анда полицияга жеткирилгендердин арасында беш кыргыз жараны болгону, алардын үчөө тергөө аяктаганча эч кайда чыкпоо шарты менен кое берилгени, калган экөө камалганы жазылган. Полиция бул фактыга байланыштуу "бейбаштык" беренеси менен кылмыш ишин козгогон.

"Элчиликтин өкүлдөрү кыргыз диаспорасынын активисттери менен бирге "Лахта борборго" барып жумушчулары бул мушташка катышкан "Прайдекс" ишканасынын өкүлдөрү менен жолукту. Тараптар мындан ары ушундай окуяларга жол берилбеши керектигин, алдын алууну талкуулашты. Мыйзамсыз иш-аракеттердин болтурбоо максатында элчилик, кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен "Прайдекстин" жумушчуларынын жатаканасына барып, ал жактагы кыргыз жарандары менен жолукту. Анда укук бузбоо тууралуу баарлашуу болду",- деп жазылган маалыматта.

Мунун алдында социалдык тармактарда Санкт-Петербургда мигранттардын калайман мушташы тартылган видеолор тараган жана алардын арасында кыргыз жарандары дагы бар болушу мүмкүндүгү айтылган.

Орусияда буга чейин дагы Борбор Азия өлкөлөрүнөн барган мигранттар мушташкан, кыргыз жарандары камалган учурлар катталган.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда бир миллиондон ашык кыргызстандык жаран иштеп, жашап жүрөт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *