Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Түркияда лиранын куну кескин түштү

0
Түркияда лиранын куну кескин түштү

7-июнда түрк лирасынын куну буга чейин болуп көрбөгөндөй деңгээлге түшүп, бир доллардын баасы 23.17 лирага чейин жогорулады.

Серепчилер курстун мындай кескин көтөрүлүшүн мамлекеттик банктардын интервенцияны токтоткону менен байланыштырып жатышат.

Өлкөдө доллар менен кошо евро жана алтын да кымбаттады.

Бул көрсөткүч азык-түлүк, ижара акысы, коммуналдык төлөмдөр жана жол киреге да таасирин тийгизип жатат.

Түрк лирасы акыркы эки жылдан бери долларга карата кунун жоготуп жатат. Соңку эки күндө 1999-жылдан берки эң төмөн көрсөткүчкө түштү.

29-майда өткөн президенттик шайлоодон бери бир лира 15% арзандады. Шайлоонун экинчи айлампасында Эрдоган жеңип, добуштардын 52,14% алган.

7-июнда Түркиянын Министрлер кабинетинин жаңы курамы ант берип, кызматка киришет. Казына жана Каржы министрлигине мурдагы вице премьер-министр Мехмет Шимшек келди. (ElB)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *