Article 19 уюму кыргыз бийлигин эркин медианы куугунтуктоону токтотууга чакырды
“Азаттык медианы” жабуу чечими Кыргызстанда талаштуу, карама-каршылыктуу мыйзамдар - сөз эркиндигин жана маалымат алуу укуктарын камсыздаган адамдар менен мекемелерди бутага алуу үчүн кыянат пайдалынышы мүмкүн деген тенденциясын чагылдырат".
Жарандык эркиндиктер чөйрөсүндө иш алып барган Article 19 жана бир нече эл аралык уюм 7-июнда Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жолдогон катында ушундай пикирин билдирди.
Алар Кыргызстанда жарандык укуктардын начарлап баратканына тынчсыздануусун айтып, жалган маалымат таратуу жана ЖМКларга байланышкан башка мыйзамдарды сындашты.
“Прессанын эркиндиги жана ЖМКнын плюрализми жарандык мейкиндиктин жана гүлдөгөн демократиянын фундаменти болуп саналат”, - деп белгилейт кайрылуу авторлору.
Укук коргоочулардын пикиринде, Кыргызстан авторитаризмге ооп баратат. "Өлкөнүн БУУнун Адам укуктары кеңешине мүчөлүгүн эске алганда бул көрүнүш огобетер камтама жаратууда. Кыргызстан кеңштин эффективдүү мүчөсү болгусу келсе, өзүнө алган милдеттенмелерди аткарууга, өз өлкөсүндө сөз эркиндигин, жарандык эркиндиктерди урматтоого тийиш", - деп белгилешти укук коргоочу уюмдар.
Алар Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине кайрылып, “Азаттык медиа” мекемесин жабуу тууралуу арызды кайтарып алуу жана Бишкек шаарынын сотунун чечимин жокко чыгаруу аркылуу көз карандысыз медианын эркиндиктерин коргоого чакырышты.
Article 19 уюму 1987-жылы Лондондо тузүлгөн. Аталышы Адам укуктарынын универсалдуу декларациясындагы жарандардын өз оюн эркин билдирүү укуктарын чагылдырган 19-беренеден келип чыккан.