Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Франциянын Анси шаарындагы кол салууда төрт бала жарадар болду

0
Франциянын Анси шаарындагы кол салууда төрт бала жарадар болду

Франциянын чыгышындагы Анси шаарындагы паркта бычак менен кол салуудан бери дегенде 5 киши, арасында 4 бала жарадар болду. Кол салган адам улгайган бир кишини жарадар кылып, качып баратканда полициянын огунан жаракат алды. Анын тек-жайы аныкталууда. Франциялык айрым маалымат каражаттары "ал башкалка сураган сириялык качкын" деп кабарлашты. Кол салууга эмне түртку болгону белгисиз.

Окуя бейшембиде Альпы тоолорунун койнунда, Швейцария менен чек арага жакын жердеги 135 миң калктуу шаарда болгон. Ошол маалда ал жерде 3 жашка чейинки наристелер тобу тарбиячысы менен сейилдеп жүргөн. Кээ бирлери коляскаларда болчу.

Ансиге француз премьер-мнистри Элизабет Борн барды.

Президент Эммануэль Макрон бир киши менен бир бала өмүр үчүн күрөшүп жатканын айтып, кол салууну "жеткен карасанатайлык" деп атады. "Бүтүндөй улут шок болду" деп жазды Макрон Твиттерге.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *