Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Месси келерки сезондо америкалык "Интер Майами" клубунда ойнойт

0
Месси келерки сезондо америкалык

Аргентиналык футболист, дүйнө чемпиону, 35 жаштагы Лионель Месси быйылкы сезон аяктагандан кийин америкалык "Интер Майами" клубуна өтөрүн жарыялады. Ушу тапта ал Франциянын "Пари Сен-Жермен" командасында ойнойт.

Мессинин айтымында, келишимге азырынча кол коюла элек, бирок америкалык командага өтүү чечими кабыл алынды.

Ал франциялык клубда 2021-жылдан бери ойноп жүрөт. Ага чейин бала кезинен тарта "Барселонада" ойногон. Буга чейин маалымат каражаттарында анын кайра Испанияга кайтары жана Сауд Арабиянын клубунан сунуш түшкөнү айтылып келген.

"Пари Сен-Жермен" менен Месси Франция биринчилигин эки ирет утуп алды. Аргентинанын капитаны былтыр командасы менен Катарда өткөн Дүйнө чемпионатын жеңген.

Ал эми "Барселона" менен 10 жолу Испаниянын чемпиону болгон, жети ирет Испания Кубогун жана төрт жолу Чемпиондор Лигасын уткан. Бир нече жолу ФИФАнын мыкты футболисти деп таанылган. "Алтын топ" сыйлыгын жети ирет алып, рекорд койгон.

"Интер Майами" англиялык футболчу Дэвид Бекхэм баштаган инвесторлор тобуна таандык клуб. Команда АКШ жана Канаданын футбол лигасынын  жогорку дивизионуна кирет.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *