Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Кумтөр иши, Бакиевдер боюнча соттун үч айдан кийин билинген чечими

0
Кумтөр иши, Бакиевдер боюнча соттун үч айдан кийин билинген чечими

Беларуста башкалкалап жүргөн мурдагы президент Курманбек Бакиев баштаган жети кишиге “Кумтөр иши” боюнча 2023-жылдын 1-мартында сот өкүмү чыкканы 9-июнда белгилүү болду.

Курманбек Бакиев дагы бир жолу сыртынан соттолду

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун “Азаттыкка” берген маалыматына ылайык, Курманбек Бакиев Кылмыш жаза кодексинин 336-беренесинин (“Коррупция”) 2-бөлүмү ("Уюшкан топтун, кылмыштуу коомдоштуктун кызыкчылыгында жасалган же оор залал алып келген жосун") боюнча айыптуу деп табылган. Мекеменин басма сөз катчысы Темир Ильясов Бакиевдин өкүмү тууралуу кыскача түшүндүрмө берди.

"Кумтөр боюнча 10 жылга соттолсун деп чечим чыкты. Мурда башка дагы сот чечимдери болгондугуна байланыштуу, мурдагы чечимдерге кошуп жалпы 30 жылга соттолду", - деди Ильясов.

Сот өкүмүндө анын мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтүн өтөп бүткөндөн кийин үч жыл мамлекеттик кызматтарда иштей албастыгы айтылат.

Максим Бакиев, Алексей Елисеевге чыккан сот өкүмдөрү

Биринчи май райондук соту ушул эле берене менен дагы алты кишиге өкүм чыгарды. Мурдагы президенттин уулу Максим Бакиев “Кумтөр иши” боюнча 13 жылга кесилип, бирок буга чейинки ага карата чыккан сот чечимдерине ылайык өмүр бою эркинен ажыратуу жазасы аныкталды.

Мындан сырткары “Кумтөр иши” боюнча Максим Бакиевдин өнөктөшү Алексей Елисеев 12 жылга соттолду. Елисеевге карата дагы мурунку сот өкүмдөрү бар болгондуктан, 30 жыл жаза мөөнөтү чегерилди.

Ал эми геология жана минералдык ресурстар агенттигинин мурдагы жетекчиси Капар Курманалиев “Кумтөргө” байланыштуу 10 жылга кесилип, мурунку сот өкүмдөрүнө ылайык 13 жыл жаза мөөнөтү аныкталды.

Түшүндүрө кетүүчү жагдай, Курманбек Бакиев, Максим Бакиев, Алексей Елисеев жана Капар Курманалиев буга чейин башка иштер менен соттологонуна байланыштуу Кылмыш жаза кодексинин 78-беренеси (“Өкүмдөрдүн жыйындысы боюнча жаза дайындоо”) колдонулду.

Биринчи май райондук соту “Кумтөр иши” боюнча жети кишиге чыгарган өкүмү боюнча соттолгондордун мүлкү конфискацияланып, жаза мөөнөтү бүткөндөн кийин үч жылга мамлекеттик кызматта иштей албайт.

Кумтөргө байланыштуу дагы кимдер соттолду?

Мурдагы финансы министринин орун басары Эмирлан Төрөмырзаев 12 жылга, мурдагы тышкы соода жана өнөр-жай министри Садриддин Жээнбеков 10 жылга, өкмөттүн мурдагы юристи Елена Белковская 9 жылга соттолду. Белгилей кетсек, Биринчи май райондук соту соттолгондордун инициалын гана берген. “Азаттык” буга чейин Кумтөр боюнча кылмыш иши козголгондордун аты-жөнүн анализдеп, жогорудагы ысымдар дал келерин тактады.

"Политклиника" басылмасы дагы "Кумтөр иши" боюнча дал ушул адамдар соттологонун жазды. Басылманын маалыматына ылайык, өкүмдө “2009-жылы ошол кездеги президент Курманбек Бакиевдин калкалоосу менен Кумтөр кени боюнча кыргыз өкмөтү, “Кыргызалтын” ишканасы, “Центерра Голд”, “Кумтөр Голд Компани” жана “Кумтөр Оперейтинг Компанинин” ортосунда түзүлгөн келишим Кыргызстандын кызыкчылыгына туура келген эмес” деп жазылган.

Кумтөр боюнча Бакиевге сын-пикир

“Кумтөр иши” менен соттолгондордон ата-бала Бакиевдер жана Елисеевден башкалары кайда экени белгисиз жана сот чечими боюнча пикирин билдире элек.

2021-жылы “Кумтөр Голд” ишканасын Кыргызстан толук өзүнө алуу арекети башталып, бир топ мурунку жана ошол кездеги жогорку кызмат адамдары камалып, чыгышкан. Ошол кезде мурдагы президенттер Аскар Акаев, Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевге Кумтөр боюнча айып тагылган.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) 2021-жыл 9-июлда тергөөдө топтолгон далилдерине таянып, Кумтөр кенин иштетүүдө келишимдерди жана ар кандай толуктоолорду, өзгөртүүлөрдү киргизүүдө "Камеко" жана "Центерра" компаниялары сунуш кылган канадалык инвесторлор менен кызматташууда ири коррупция болгонун билдирген.

Атайын кызмат Капар Курманалиевге, Алексей Елисеевге, Курманбек Бакиевге жана анын уулу Максим Бакиевге издөө жарыялаган.

Курманбек Бакиевге Кумтөр кени боюнча 2009-жылы бекитилген макулдашуу жөнүндө сын көп айтылат. Ошол кезде Бакиевдин бийлиги "Центеррадагы" үлүштү 33% көтөргөнүн айтканы менен анын көмүскө шарттары болгон. Маалыматтарга ылайык, ал макулдашууда "Кумтөргө" 16 миң 330 гектар кошумча жер аянтын берүү менен Кыргызстандын үлүшү көтөрүлүп, эки тараптын талаштарын эл аралык арбитражда гана кароо шарты мыйзам менен бекитилип калган.

Курманбек Бакиевдин 2021-жылдын май айында media-center деп аталган сайтта Кумтөр боюнча маеги жарыяланып, коррупция болбогонун айткан.

“Кумтөр ишине” байкоо салып жаткан активист Нарис Калчаев буларга токтолду:

"Кыргызстан жабыр тарткан келишимдердин бири 2009-жылы болгон. Аны түзүлгөн комиссиялардын жыйынтыгында көрсө болот. Бакиевдердин Кумтөр боюнча ошондо күнөөсү бар. Бирок, бийлик "Кумтөр ишин" ачык кылса болмок. Бакиевдерге карата сот чечимин эч ким билбейт. Мага кызык болуп жатат. Балким, бийлик "Бакиев келет" деген сындардан улам чечим чыгарып койду. Негизгиси, Кумтөрдү алып жатканда жогорку кызмат адамдарын камап, актачусун актап койду. Акаев акталбашы керек болчу. Муну айтып келгенбиз. Качып кеткендерди сыртынан соттоп койгондон пайда жок", - деди Калчаев.

Акаев “акталып”, Атамбаевдин иши белгисиз

Макаланын башында айтылгандай Кумтөргө байланыштуу бардык президенттерге кылмыш иши козголгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев 2021-жылы 8-июлдагы маалымат жыйында "Кумтөр ишине" байланыштуу мурдагы президенттер Курманбек Бакиев, Алмазбек Атамбаевге иш козголгонун жана Аскар Акаевге издөө жарыяланганын билдирген.

“Тергөөнүн жыйынтыгында Бакиевге иш козгодук, Атамбаевге иш козгоп атабыз, Акаевге издөө жарыяладык. Жээнбековго азырынча эч нерсе жок. Эгерде бир нерсе чыга турган болсо, аны дагы жоопко тартабыз”.

2021-жылдын май айында Кумтөр кени боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы, ошол кездеги депутат Акылбек Жапаров канадалык компания менен жең ичинен сүйлөшүү жүргүзгөн, Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы шарттарды макулдашкан өлкөнүн мурдагы жетекчилеринин жоопкерчилигин кароо демилгесин көтөргөн.

“Кыргызстандын дээрлик ар бир президенти өз кызматында туруп, Кумтөрдөгү талап-тоноодон тырмакчанын ичиндеги үлүшүн алып келген деп айтсам мен жаңылышпайм, ошол эле учурда чоң ачылыш да жасаган болбойм", - деген болчу Жапаров.

Кыргызстандын биринчи президенти Аскар Акаев дагы Кумтөр иши боюнча айыпталып, бир канча жолу сурак берген. Ал 2005-жылы качып кеткен бойдон 2021-жылдын 2-августунда тергөө менен кызматташуу үчүн Кыргызстанга биринчи жолу келген. 14-декабрда ушул эле иш боюнча тергөөгө көрсөтмө берүү үчүн экинчи жолу келген. Майдын этегинде ал жубайы Марйам Акаева менен келгени ачыкка чыгып, коомдо ар кыл пикирлерди, сын-талкууну жараткан. 

Жакында эле президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агентигине курган маегинде Акаевдин өлкөгө келип сурак бергени, анын көрсөтмөлөрү Кумтөрдү Кыргызстанга алууда пайдалуу болгонун билдирген. Аскар Акаев Кыргызстанга келсе, камалбасына кепилдик берилгенин айткан болчу.  

Ал эми дагы бир мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин "Кумтөр ишине" байланыштуу пикири азырынча белгисиз.

Бакиевдин айланасындагы акыркы талкуулар

Май айынын ортосунда Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы, Улуттук телерадиокомпаниясынын (УТРК) кызматкери Кадыр Кошалиевдин Минск шаарына барып, мурдагы президент Бакиевден алган интервьюсу интернетте тараган. Анда Бакиев ага карата экономикалык кылмыш иши жок экенин айткан болчу.

Анын маеги Кыргызстанда кызуу талкууга кабылып, 2010-жылы Апрель окуясында катышкандардын кескин сынына кабылды. Көп өтпөй Кадыр Кошалиев УТРК, Элдик курултайдын Аксакалдар кеңешинин төрагасы кызматынан кетти.

Мындан кийин президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттиги менен болгон маегинде азыркы бийликтин Бакиевди Кыргызстанга алып келүү планы жок экенин, эгер ал келсе соттун чечимине ылайык камаларын айткан.

2010-жылы 7-апрелде Курманбек Бакиевдин үй-бүлөлүк башкаруу режимине каршы чыккандарга Ала-Тоо аянтында ок атылып, 80ден ашуун киши набыт болгон. Ал соттун чечими менен 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев, иниси Жаныш Бакиев, ошол кездеги премьер-министр Данияр Үсөнов сырттан өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Бакиевдин тун уулу Марат Бакиев сырттан 30 жылга соттолгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *