Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Милиция Чүйдүн Луговое айылындагы калайман мушташ боюнча маалымат берди

0
Милиция Чүйдүн Луговое айылындагы калайман мушташ боюнча маалымат берди

Чүй облустук милициясы Аламүдун районуна караштуу Луговое айылындагы калайман мушташ тууралуу маалымат берди. Аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, айылдагы "Миг" деген дүкөндүн жанында белгисиз адамдар 29 жаштагы жаранды себепсиз сабашкан. Окуя 10-июнда саат 21:30дар чамасы болгон. Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, бейбаштыкка шектелип Ленин айылынын тургуну кармалды.

Жабыр тарткан адамдын абалы тууралуу маалымат берилген жок.

Мунун алдында Kaktus.media өз булактарына таянып Луговое айылында калайман мушташ болгонун жазган. Маалыматта көп сандаган милиция кызматкерлери мушташты токтотууга айылга барышканы айтылган.

Ушуга окшош эле окуя эки күн мурда Чүйдүн Васильевка айылында катталып,  16 жаштагы бала катуу сабалган. Милициянын кийлигишүүсү менен калайман мушташ токтотулган. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *