Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Бишкектин тургуну "Чет өлкөлүк өкүл" мыйзамына каршы пикетке чыкты

0

Өзүн Асел Супатаева деп тааныштырган Бишкек шаарынын тургуну Кыргызстанда чет өлкөдөн каржылык колдоо алган бейөкмөт уюмдарга “чет өлкөлүк өкүл” деген макам берүү боюнча мыйзам долбооруна каршы пикетке чыкты. Бишкектеги Горький атындагы сейил багында ал "Ар бириңиз чет өлкөлүк өкүл болуп калышыңыз мүмкүн" деп жазылган плакат көтөрүп турду.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган мыйзам долбоорун депутат Надира Нарматова жазып, 2022-жылы 21-ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Кийин мыйзам долбооруна автор болгон айрым депутаттар мындай демилгесинен баш тартышкан. Алар мыйзамда адам укуктарына, демократияга каршы көп нерселер бар экени менен түшүндүрүшкөн.

Анда “чет элдик өкүлдүн функциясын аткаруучу бейөкмөт уюмдар” деген категория киргизилип, бир катар милдеттер жана талаптар жазылган. Ал талаптар аткарылбаса, уюм жабылып калышы ыктымал. “Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо уюму бул долбоор Орусиянын “чет элдик агенттер жөнүндөгү” мыйзамынан дээрлик сөзмө-сөз көчүрүлүп алынганын аныктап чыккан.

Укук коргоо уюмдары коммерциялык эмес уюмдар ансыз деле башкалар сыяктуу мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, бул демилге бийликти сындагандарды басуу үчүн колдонула турган механизмге айланышы ыктымалдыгын белгилеп келишет.

“Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө” мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган. Документ парламенттин тармактык комитетине биринчи окууга качан киргизилет, азырынча белгисиз.(КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *