Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Министр Орусиянын "кара тизмесинде" 44 миңдей кыргыз жараны бар экенин билдирди

0
Министр Орусиянын

Быйыл май айында Орусиянын “кара тизмесинен” 45 миңден ашык кыргызстандык чыгарылды. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев 12-июнда Жогорку Кеңештин тармактык комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, азыркы учурда ал тизмеде 43 миң 634 кыргыз жараны калган.

Министр миграция тууралуу маалыматтарды берүү үчүн “Манас” аэропортунда эки, Бишкек жана Ош шаарларында бирден күркө ачылганын маалымдады. Ошондой эле өлкөнүн башка беш аймагындагы аба майдандарга жана темир жол станциясына да маалымат күркөлөрү ачыла турганын кошумчалады.

Ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиевдин айтымында, учурда министрликтин Орусиядагы өкүлчүлүгүндө төрт милиция кызматкери иштейт. Алар демөөрчүлөр берген имаратты кеңсе катары колдонот жана мамлекет алардын батирлери үчүн 70-100 миң сом бөлүп берет.

Министрдин орун басарынын айтымында, министрликтин чет өлкөлөрдөгү өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлерин көбөйтүү боюнча жарлыктын долбоору каржы маселесинен улам токтоп турат.

“Долбоор өтө турган болсо ИИМдин өкүлдөрүнөн Орусияга алты, Түркияда эки, Түштүк Кореяда эки кызматкер коюуга мүмкүн болмок”, - деди ал.

Расмий маалыматка ылайык, Орусияда миллиондон ашуун кыргызстандык эмгек мигранты бар. Бейрасмий эсепте орус паспортун алган кыргыздардын саны 500 миңге чамалайт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *