Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Сузак районунда Санпа каргашасы эскерилди

0
Сузак районунда Санпа каргашасы эскерилди

12-июнда Сузак районуна караштуу Топурак-Бел ашуусунда Июнь окуясынын курмандыктарына арналып курулган мемориалдык комплексте эскерүү иш-чарасы өттү. Ага жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана коогалаңда жакынын жоготкондор катышты.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев улут аралык ынтымак бекемделип жатканын айтып, жакындарын жоготкондорду сабырдуулукка чакырды.

Июнь коогасында Жалал-Абад облусунда 86 адам курман болгон. Каргашага байланыштуу 90дон ашык кишиге кылмыш иши козголуп, иштин 65% бети ачылган. Жалпысынан Июнь окуясы боюнча 49 адамга издөө жарыяланып, алардын 32си кармалган.

2010-жылдын апрель айында Кыргызстанда нааразылык акцияларынан кийин бийлик алмашкан. Ошол жылдын июнь айында Ош жана Жалал-Абад облустарында улут аралык жаңжал чыккан.

“Июнь окуясы” деген ат менен калган бул коогада расмий эсеп боюнча 446 адам каза болуп, эки миңге чукул киши ар кандай жаракат алган. 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 17си табыла элек. (TB)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *