Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Чек ара кагылышында курман болгон 37 аскерге кенемте төлөндү

0
Чек ара кагылышында курман болгон 37 аскерге кенемте төлөндү

2023-жылы сентябрда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда курман болгон бардык аскерлердин үй-бүлөлөрүнө акчалай жана башка жардамдар толук төлөнүп берилди. Бул маалыматты Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине (УКМК) караштуу Чек ара кызматынын жетекчиси Уларбек Шаршеев бүгүн, 13-июнда Коопсуздук кеңешинин жыйынында билдирди.

"Чек арадагы куралдуу кагылышта курман болгон бардык аскерлердин үй-бүлөлөрү сиздин жана демөөрчүлөрдүн демилгесине ылайык, үй менен камсыз болду. Үйлөрдү Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев тапшырды. 42 аскер кызматкеринин 37сине толук кенемте төлөнүп берилди. Дагы бешөөнүн документтери азыр каралып жатат, жакын арада бүтөбүз. Жаракат алган аскер кызматкерлердин он кызматкерден башкасы баары тиешелүү жардамдарды алышты. Анткени алар жеңил жаракат алганы аныкталгандыктан, кенемте төлөнбөйт экен", деди Шаршеев.

Коопсуздук кеңешинин төрагасы, президент Садыр Жапаров жеңил жаракат алган аскер кызматкерлерине да мыйзамда, бюджетте кенемте каралбаганына карабай, башка булактардан таап, жардам берүү зарылдыгын белгиледи.

2022-жылы 14-17-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында куралдуу жаңжал болуп, эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн.

Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *