Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Баткендин сел каптаган айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

0
Баткендин сел каптаган айылдарында өзгөчө кырдаал жарыяланды

13-июнда Баткен районунун эки айыл өкмөтүнүн аймагында өзгөчө кырдаал жарыяланды. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдиргендей, буга аймакта кечээ жааган нөшөр жаандан кийинки түзүлгөн жагдай себеп болду.

12-июнда нөшөрлөп жааган жаандан улам Баткен районунун Суу-Башы жана Кыштут айыл өкмөттөрүнүн аймагын сел каптаган. Учурда ал жерде куткаруучулар жана жергиликтүү бийлик тактоо иштерин жүргүзүп жатышат.

“Баткен райондук Жарандык коргонуу башчысы - акимдин буйругу менен өзгөчө кырдаал режими жарыяланып, тиешелүү кызматтарга өз тармагында кечиктирилгис чараларды көрүү тапшырмасы берилди”, - деп билдирди ӨКМ.

Баткен жана Кадамжай райондорунун бир катар айылдарында 12-июнда катуу жаан жаап, сел жүргөн, ички жолдорго, көпүрөлөргө зыян келтирилген. Сел жергиликтүү тургундардын эгин талааларын да каптаган. 

Кадамжай шаарында сел "Матиз" үлгүсүндөгү автомашинаны агызып кеткен. Жергиликтүү тургундар анын айдоочусун куткарып калганын, учурда ал ооруканада дарыланып жатканын президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирген.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *