Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Жогорку Сот наристени кордогон адамдын өкүмүн жумшартты

0
Жогорку Сот наристени кордогон адамдын өкүмүн жумшартты

Сокулукта эки жаштагы наристени кордоп сабаган кишинин өкүмү өзгөрдү. Бүгүн, 13-июнда бул иш Жогорку Сотто каралды. Өз чечиминде Жогорку Сот ал адамды "коомдон ажыратпай туруп оңдосо болот" деген бүтүмгө келгени маалымдалды.

Беш жылдык түрмөнүн ордуна ага эки жыл пробациялык көзөмөл деген жаза чарасы чегерилди.

Былтыр июнь айында Сокулук райондук соту эки жаштагы Егорду сабоого айыпталып жаткан 35 жаштагы Александр Самаркинди беш жылга эркинен ажыраткандан кийин облустук сотко апелляциялык арыз берилген.

Быйыл 22-мартта иш Чүй облустук сотунда каралып, райондук соттун “балага зордук көрсөтүп, кыйноо үчүн беш жылга эркинен ажыратуу” деген өкүмү ошо бойдон калтырылган.

Окуя былтыр февралда болгон. Сокулук райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө наристе колу-буту күйүп, бети-башы, денеси көгала жана жыныс органы кесилген абалда түшкөн.

Бул окуядан кийин Кыргызстанда балдардын укугун коргоо боюнча бир айлык жарыяланган. Кийин наристени чоң энеси багып жатканы белгилүү болгон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *