Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Астанада банкта барымтага алынгандар бошотулду

0
Астанада банкта барымтага алынгандар бошотулду

Астананын Достук көчөсүндөгү Kaspi банкында куралчан адам барымтага алган банктын жети кызматкери бошотулду. Окуя болгон жерде Ички иштер министри Марат Ахметжанов башында турган күч кызматкерлери иштеди.

Айрым маалыматтар боюнча, шектүү адам банктын активиндеги баардык акчаларды майыптарга, колунда жок муктаждарга, жетим-жесирлерге которууну талап кылган. Бул үчүн ал жети аялды жана кароолчуну өлтүрөм деп коркутуп, бийликтерге үч саат убакыт берген.

Айрым маалыматтарда шектүүнүн аты-жөнү Алихан Мурадов деп айтылууда. Анын аталган банкта бир аз кредити бар экени белгилүү болду.

Операция учурунда банктын айланасы курчоого алынып, ал жерде атайын күчтөр иштеди. Банктын филиалы жайгашкан үйдүн тургундары батирлеринен чыгарылды.

Мындан мурда банк барымтага алынгандар жалаң алардын кызматкерлери экенин тастыктаган болчу.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *