Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Султанбаев: Бийликтеги адамдардын атын сатып, акча алгандарды аныктоо тапшырмасы берилди

0
Султанбаев: Бийликтеги адамдардын атын сатып, акча алгандарды аныктоо тапшырмасы берилди

Жогорку бийлик адамдарынын атын пайдаланып, акча алып жүргөндөрдү аныктоо иши жүрүп жатканын бүгүн 19-июнда президенттин басма сөз катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Ал социалдык түйүндөр аркылуу билдирүү таратып, тийиштүү органдарга  телефон аркылуу алдамчылык кылгандарды ыкчам аныктоо тапшырмасы берилгенин маалымдады.

Султанбаевдин айтымында, акыркы убакта белгисиз бирөөлөр акча каражатын алуу максатында өздөрүн жогорку кызматтагы адам деп тааныштырып, “президенттин басма сөз катчысымын” деп анын өзүнүн да атын айтып, телефондук алдамчылыкка барган фактылар көбөйдү.

 

“Алдамчылардын “курмандыктары” көбүнчө мамлекеттик кызматкерлер. Аларга телефон чалып, өлкөнүн жогорку жетекчилиги катышчудай ар кандай иш-чараларга чакырып, же аларга кызматтан жогорулоону сунушташат.  Ишенимге ээ болуу менен шылуундар алдамчылык жолу менен өз “курмандыгынан” акча алышат. Буга байланыштуу биз дагы бир жолу бардык жарандарга, өзгөчө мамлекеттик кызматкерлерге мындай шылуундардын жетегинде калбоону, андайга күбө болгон учурда тез арада укук коргоо органдарына кайрылууну эскертебиз”, - деди Султанбаев.

Мамлекеттик жогорку кызматтагы адамдардын же алардын жакындарынын атын жамынып, түрдүү жолдор менен акча алуу, талап-тоноо иштери болгону тууралуу буга чейин да кабарланган.

Өткөн аптада Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана анын уулунун атын сатып, өздөрүн "таасирдүү адамдарбыз" деп тааныштырган эки адам кармалганы маалымдалган. Алар Орусиянын жаранынан 400 миң рубль акчасын алып, бербей коюшкан. Дагы бир кыргызстандык жарандын автоунаасын тартып алышкан.

Мурдараак президент Садыр Жапаровдун жубайы Айгүл Жапарованын атынан соцтармактарда баракчалар ачылып, жалган маалыматтар тарап жатканын президенттик администрациянын маалыматтык саясат кызматы эскерткен.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *