Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Таш-Көмүрдө жети жаштагы бала дайынсыз болууда

0
Таш-Көмүрдө жети жаштагы бала дайынсыз болууда

Таш-Көмүр шаарынын Новостройка айылында жети жаштагы бала 15-июндан бери дайынсыз болуп жатканы тууралуу маалымат 112 кызматына 18-июнда түшкөн. Жакындары бала Нарын суусуна түшүп кетиши ыктымалдыгын айтууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) үч куткаруучусу, 30 милиция кызматкери жана жергиликтүү элден 50 адам кошулган издөө отряды 18-июнда баланы издеп, таба алышкан эмес. Караңгы кирип кеткенине байланыштуу токтотулган издөө иштери бүгүн 19-июнда да уланып жатат.

ӨКМ күн ысыгандан бери агын сууга жана көлмөгө түшүү арбыганын, бул адам өмүрүнө, өзгөчө балдарга кооптуу экенин эскертип келет.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *