Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Балыкчы шаарында майыптыгы бар жарандардын жүрүшү башталды

0

Бүгүн, 19-июнда Балыкчы шаарында майыптыгы бар жарандардын жүрүшү старт алды. Жүрүш 24-июнда Чолпон-Ата шаарында аяктайт. Ага өлкөнүн ар кайсыл аймактарынан келген 44 киши катышууда.

Бул жүрүш быйыл 9-ирет өткөрүлүүдө. Уюштуруучулар жүрүштүн максаты - майыптыгы бар адамдарга карата стереотиптерди жана стигмаларды азайтуу экенин белгилешет. 

Иш-чараны “Теңдик” (“Равенство”) майыптыгы бар адамдардын союзу жана БУУнун Орто Азиядагы адам укуктары боюнча башкы комиссары өткөрүп жатат.

Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министрлигинин маалыматына ылайык, өлкөдө 203 000дин айланасындагы майыптыгы бар адам бар. Алардын отуз беш миңи балдар.

Кыргызстан 2019-жылы майыптыгы бар адамдардын укуктары боюнча БУУнун Конвенциясын ратификациялап, бардык шарттарды камсыздоо үчүн милдеттендирилген. Бирок майыптыгы бар адамдар жана укук коргоочулар бул милдеттер аткарылбай, күнүмдүк жашоодо тоскоолдук жараткан жагдайлар дагы деле бардыгын айтып келишет.(NbA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *