Кыргызстанга Германиянын президенти расмий сапар менен келет
Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер 21-23-июнда Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Бул тууралуу президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев билдирди.
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары кыргыз-немис эки тараптуу кызматташтыгын талкуулайт.
Буга чейин 19-21-июнда Германиянын президенти Штайнмайер Казакстанга келери айтылган.
Казак басылмалары Германиянын президенти өлкө башчысы Касым-Жоомарт Токаев менен жолугуп, бизнес форумга катышарын жазышты. (TSh)