Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Окуу жайлардын аккредитация маселеси парламенттик комитетте талаш жаратты

0
Окуу жайлардын аккредитация маселеси парламенттик комитетте талаш жаратты

Жогорку окуу жайларынын аккредитациядан өтүү маселеси бүгүн 19-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинде “Билим берүү жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланганда талаш жаратты.

Демилгечилердин бири, депутат Жанарбек Акаев бул мыйзам депутаттар жана өкмөт сунуштаган варианттардын бириктирилген долбоору экенин, ал миңге жакын мугалимдин катышуусу менен талкууланганын, бүгүн экинчи окууда сунушталып жатканын айтты.

Талаш мыйзам долбоорунун аккредитация боюнча беренесинен улам чыкты. Ал беренеде билим берүү мекемеси аккредитациядан өзү тандаган көз каранды эмес аккредитациялоо агенттигинен өз каражатынан акы төлөп  ыктыярдуу негизде өтсө болот деп жазылган.

Депутат Элмурза Сатыбалдиев “Эл аралык тажрыйбада да уккан эмесмин аккредитациясы жок жогору окуу жайда бирөө окуп бүтүп келгенин же ошондой окуу жай бар экенин. Андай болсо диплом сатылат”, - деген пикирин айтты.

Депутат Акаев бардык окуу жайлары ансыз да аккредитациядан өтөрүн, кеп аларга эркиндик берүү тууралуу болуп жатканына токтолду:

“Өзүн сыйлаган жогорку окуу жайлардын баары эле аккредитациядан өтөт. Ансыз деле өтүп келе жатышат. Азыр деле өтөт. Бул мыйзам кабыл алынганга чейин кандай болсо, кабыл алынгандан кийин деле жаман болуп кетпейт. Жаңы ачылып жаткан жогорку окуу жайларга аккредитация деп барып эле, текшерип эле… “Текшериш керек, текшериш керек” деген нерседен бир аз арылсак деген эле жакшы ой”.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу эркиндик берүү демилгеси бала бакчалардын мисалында жакшы жемишин берип жатканын айтып, жогорку окуу жайлар боюнча пикирин билдирди:

“Биз бул мыйзамды эч кимдин буюртмасы менен жазган жокпуз. Билим берүү системасындагы беш мыйзамды бириктирдик. Мектепке чейинки мекемелерге лицензияны убактылуу алып туралы дегенбиз, бул боюнча позициябыз бирдей. Анткени Казакстан өзүнүн мисалында көрсөтүп жатат жеке секторго эркиндик берип, 90% мектепке чейинки мекемелерди камтыды. Бул бала бакча боюнча. Ал эми жогорку окуу жайларда лицензия сөзсүз болушу керек. Сапатсыз билим берген мекемелер бизде болбошу керек”, - деди министрдин орун басары.

Бул маселе боюнча комитеттин бүгүнкү отурумунда эч кандай чечим кабыл алынган жок. Себеби кворум жок деген негизде жыйын токтотулду.

Долбоордун максаты, демилгечилердин айтымында, билим берүү системасын өнүктүрүү, анын сапатын жогорулатуу, башкаруусун жакшыртуу, бул багытта бирдей мамлекеттик саясат жүргүзүү, билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн менчик формасына карабастан өнүктүрүү жана эл аралык кызматташтыкты арттыруу.  (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *