Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Жалпы республикалык тестирлөө: Эң жогорку упайды эки бүтүрүүчү алды

0
Жалпы республикалык тестирлөө: Эң жогорку упайды эки бүтүрүүчү алды

Кыргызстандын орто мектептеринин бүтүрүүчүлөрүнүн жана абитуриенттердин арасында өткөн Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы белгилүү болду.

Билим берүү жана илим министрлиги маалымдагандай, 2023-жылы жалпы республикалык тестирлөөдө 54 окуучу эң жогорку упай топтоп, “Алтын сертификат” алуу укугуна ээ болду.

Алардын ичинен эң көп - 236 упайды Ош шаарындагы Киров орто мектебинин бүтүрүүчүсү Кызжибек Жээнбекова менен Бишкектеги №61  физика-математикалык лицейдин окуучусу Нурсейит Төрөбаев алышты.

234 упайды Бишкек шаары, “Гарвард Интернешнл” мектебинин бүтүрүүчүсү Елизавета Алпацкая менен Бишкектеги “Маариф” мектебинин окуучусу Аделя Сейитова алышты.

Жалпысынан Бишкек шаарынан – 39, Ош шаарынан жана Ош облусунан – 4, Чүй облусунан – 2, Ысык-Көл облусунан – 2, Нарын облусунан – 2, Баткен облусунан – 2, Талас облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 1 окуучу “Алтын сертификат” алат. Ага илингендердин ичинен 11 бүтүрүүчү эң аз - 223 упай топтогон. 

2022-жылы Кыргызстанда ЖРТ сынагын 50 154 бүтүрүүчү тапшырган. Эң жогорку 235 упайды баш калаанын №70 мектеп-гимназиясынын окуучусу алган. "Алтын сертификатка" 57 окуучу татыктуу болгон. Орточо упай 124,4  болгон.

2021-жылы эң жогорку көрсөткүч 232 упай болсо, 2020-жылы 229 упай болгон.

Жыл сайын 40 миңден ашуун бүтүрүүчү жалпы республикалык тестирлөөгө катышат. Анын жыйынтыгына жараша аларда жогорку окуу жайларга бюджетке өтүү мүмкүнчүлүгү берилет. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *