Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Базарбаев: Майыптыгын күбөлөндүрүү үчүн эми МСЭКке баруунун кереги жок

0
Базарбаев: Майыптыгын күбөлөндүрүү үчүн эми МСЭКке баруунун кереги жок

Кыргызстанда майып адамдар үчүн медициналык күбөлөндүрүү электрондук ыкмага өтүп жатат. Эми алар Медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясына (МСЭК) барбай турган болду. Бул тууралуу 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинин жыйынында эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Нурдөөлөт Базарбаев билдирди.

“Ошондо жаран эч убакта келбейт МСЭКке. Саламаттык сактоо министрлиги менен бирге бүт автоматташтырылат. Таптакыр болбой калганде эле чакырбаса, алар келбейт МСЭКке мындан ары”.

Базарбаев бул система 26-июндан баштап иштей турганын кошумчалады.

Анын айтымында, Кыргызстанда бүгүнкү күндө 27 медициналык-социалдык экспертизалоо комиссиясы бар. Алар аркылуу жылына 50 миңдей адам текшерүүдөн өтөт.

Базарбаев кошумчалагандай, бүгүнкү күндө майыптыгы бар жарандар 204 миңден ашат, алар менен 244 кызматкер иштешет. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *