Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Баткендин өзгөчө макам алган айылдары 76га жеткени маалымдалды

0
Баткендин өзгөчө макам алган айылдары 76га жеткени маалымдалды

Баткендин чек аралаш аймакта жайгашкан, өзгөчө макам алган айылдарынын саны азыркы тапта 76 экенин бүгүн 20-июнда Жогорку Кеңештин Социалдык саясат комитетинде маалымат берип жатып Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди:

“Чек арада жабыркаган Лейлек жана Баткен райондорунда 76 айыл ошол тизмеге киргизилип, пенсия, жөлөкпул жана башка төлөмдөрү 20% көбөйтүлүп берилген. Мурдагы күнү өкмөт башчы барып, акыркы курулган тамдарды тапшырып келди”.

Чек арадагы жашоочуларга салыктан жана башка төлөмдөрдөн жеңилдик берүү үчүн 2021-жылы “Баткен облусунун статусу” жөнүндө мыйзамга ылайык өзгөчө макам берилген айылдардын саны буга чейин 62 экени айтылып жүргөн. Бул санды 83кө жеткирүү, андан тышкары үч шаарга, үч конушка да макам берүү сунушу каралып жатканы маалымдалган.

Бүгүн Социалдык комитет өкмөттүн “2021-2025-жылдарга КРнын өзгөчө статуска ээ болгон айрым чек арага чектеш аймактарынын коопсуздугун жана социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылуу боюнча мамлекеттик программанын” аткарылышы жөнүндө маалыматын укту.

2021-жылдын жазында жана 2022-жылдын күзүндө кыргыз-тажик чек арасындагы кандуу окуяда Баткен облусунун бир катар айылдары талкаланып, өрттөлгөн, ондогон адамдар каза болгон, миңдеген жергиликтүү тургун үй-жайын таштап качууга мажбур болгон. (RK/JsA)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *