Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

"Чекит медиа" УТРКнын журналисттери менен фейк фабриканын байланышын иликтеп чыкты

0

"Президент фейктердин колдоосуна муктажбы?" деген аталыштагы иликтөө "Чекит медиа" платформасынын Ютубдагы каналына 20-июнда жарыяланды.

Анда журналист Асель Сооронбаева Улуттук телерадио корпорациясындагы маалыматты социалдык медиа аркылуу жайылтуучу бөлүм менен бийликтин баскан-турганын мактап-жактаган жана оппозицияны, бейөкмөт уюмдарды, көз карандысыз маалымат каражаттарын каралаган фейктердин байланышын иликтеп чыккан.

Программада 2022-жылы ноябрда жаңы бөлүмдүн ишке кириши менен бийликти мактаган окшош билдирүүлөр социалдык тармактарда журналисттердин өздөрүнүн атынан да, ошол эле учурда фейк аккаунттар тарабынан да көп бөлүшө баштаганын аныктаган. Ошондой эле иликтөөдө фейк аккаунттар менен УТРКнын SMM бөлүмүндө иштеген кызматкерлердин түздөн-түз байланышын фактылар менен көрсөтүп берген.

Берүүдө фейк фабриканын артында президенттин маалыматтык саясат бөлүмүнүн башчысы Дайырбек Орунбеков турабы деген суроо да көтөрүлүп, аны Орунбековдун четке каккан жообу кошо берилген.

Журналист ошондой эле УТРК баштаган мамлекеттик телеканалдарга кыргызстандык салык төлөөчүлөрдүн эсебинен миллиондогон сомдор коротуларын да белгилеп, буга далил катары 2022-жылы 923 млн. сом сарпталганын, анын жарымынан көбү аталганжумшалганын көрсөткөн. Программада айтылгандай, УТРКга күн сайын мамлекеттик бюджеттен 1 миллион 300 миң сом сарпталат.

Кыргызстанда бийликти мактап-жактаган фейк-фабрика иштеп, аны каржылоого мамлекеттик бюджеттен акча сарпталары тууралуу мурда да айтылып, бир катар иликтөөлөр жарыяланган.

УТРКнын жетекчилиги жана Орунбеков иликтөөдө айтылгандар тууралуу азырынча комментарий бере элек.

Кыргызстандагы жети редакцияны бириктирген Checkit Media платформасы быйыл февралда фейк жана манипуляция менен күрөшүү максатында түзүлгөн. “Интерньюстун” “Медиа-К” долбоору аркылуу ишке ашкан платформага Factcheck.kg, “ПолитКлиника”, T-Media.kg, “Апрель ТВ”, Bulak.kg, Mediahub жана “Баштан Башта” редакциялары кирет. (ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *