Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон жети жаштагы бала дарыядан изделип жатат

0
Таш-Көмүрдө дайынсыз жоголгон жети жаштагы бала дарыядан изделип жатат

15-июндан бери дайынсыз болуп жаткан 7 жаштагы баланы издөө иштерин Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) куткаруучулары бүгүн, 20-июнда да улантып, бирок натыйжасыз болду. Караңгы кирип кеткенине байланыштуу бүгүнкү иш токтотулду.

ӨКМден жалпы 26 куткаруучу, эки милиция кызматкери жана жергиликтүү тургундардан 14 адам издөө иштерине тартылды.

Таш-Көмүр шаарынын Чапаев көчөсүнүн тургуну, 2016-жылы туулган  бала 15-июнда, саат 10:30 чамасында үйүнөн чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жаткандыгы, анын Нарын дарыясына түшүп кетиши мүмкүн экендиги тууралуу маалымат түшкөн.

ӨКМ күн ысыгандан бери агын сууга жана көлмөгө түшүү арбыганын, бул адам өмүрүнө, өзгөчө балдарга кооптуу экенин эскертип келет.

Мекеменин маалыматына караганда, Кыргызстанда былтыр бир жыл ичинде 85 адам сууга чөгүп каза болгон жана мындай кырсыктардын эң көбү жайкы сезондо Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарында катталган. Каза болгондордун 28и 12 жашка чейинки балдар.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *