Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

ӨКМ: Тогуз-Тородо өзгөчө кырдаал жарыяланды

0
ӨКМ: Тогуз-Тородо өзгөчө кырдаал жарыяланды

Тогуз-Торо районунда дарыядагы суунун деңгээли жогорулап, коркунуч жаралганынан улам өзгөчө кырдаал жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн 21-июнда Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, Нарын дарыясында суунун деңгээли көтөрүлүп, Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районуна караштуу АБЗ тилкесин суу жеп, Ынтымак конушунда жайгашкан 200 кожолукка жана 16 гектар айдоо жерине, аэропорттун учуу-конуу тилкесин суу жеп кетүү коркунучу пайда болгон.

Мындан улам райондук жарандык коргонуу комиссиясына “Айгай” жарыяланып, Тогуз-Торого 3-даражадагы өзгөчө кырдаал режими киргизилди.

Жеринде Нарын суусунун нугун буруу иштери жүрүүдө.

ӨКМ 20-22-июнь күндөрү нөшөр жаандан улам тоолуу аймактарда сел жүрүшү, дарыяларда суу көбөйүшү ыктымал экенин эскерткен.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *