Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

"Кумтөр иши": Келтирилген зыяндын 288 миллион сому өндүрүлө элек

0

"Кумтөр иши" боюнча мамлекетке келтирилген зыяндын 288 миллион сому өндүрүлө элек.

Тогуз айдын ичинде жалпы 1 млрд. 146 млн. сомдук зыяндын 858 миллион сому мамлекетке кайтарылганын башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева Жогорку Кеңештин 21-июндагы жыйынында билдирди. Депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып ал Кумтөр боюнча тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын кошумчалады. 

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Жогорку Кеңештин 12-апрелдеги жалпы жыйынында “Кумтөр” ишканасындагы коррупция боюнча козголгон кылмыш иши жөнүндө учкай маалымат берген. Анын айтымында, “Кумтөргө” байланыштуу Башкы прокуратуранын тергөө тобу Эсептөө палатасы менен бирге текшерүү жүргүзгөн. Төрт кылмыш иши козголуп, 1 млрд. 146 млн. 449 миң сом зыян келтирилген. Камактагы төрт кызматкердин экөө үй камагында.

“Кумтөр Голд Компани” ишканасынын мурдагы тышкы башкаруучусу Тенгиз Бөлтүрүк мамлекетке келтирилген зыянды төлөп берип, майдын башында үй камагына чыккан. Көзөмөл орган кайтарган сумманын канчасын Тенгиз Бөлтүрүк төлөгөнүн тактаган эмес.

Февраль айынын башында Эсеп палатасы “Кумтөр Голд" компаниясы 2021-жылдын май айынан 2022-жылдын июнь айына чейин эбегейсиз каражаттарды майнапсыз короткону аныкталган баяндама жарыялаган.

Мекеменин жүз барактан турган отчетунда кызматкерлердин эс алуусунан баштап, кайрымдуулукка сарпталган, оңду-солду корогон эсепсиз миллиондор, жетекчилердин сый акысы камтылган ишкананын каржылык ишмердүүлүгү ийне-жибине чейин эсептелип, тыйынына чейин жазылган. Эң чоң чыгымдардын бири “Кумтөр Голд Компани” жаңы кеңсеге көчкөндө алынган эмеректерге кеткен. Маселен, кеңсе эмеректерин сатып алып, ташып келүү жана орнотуу үчүн жалпы 179 млн. 700 миң сом коротулган.

Бөлтүрүк башында турган, мамлекеттик бюджеттен дээрлик 3,5 миллиард сом бөлүнгөн "Улуу көчмөндөр мурасы” холдинги бир жыл өтпөй жабылган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы менен бирге башкарып келген кенди Кыргызстан өз карамагына 2021-жылдын май айында алып, 2022-жылдын апрелинде “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *