Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Чуулгандуу видеодогу балдар дарыгери иштен алынды

0
Чуулгандуу видеодогу балдар дарыгери иштен алынды

Чуулгандуу видеосу Интернетте тараган балдар дарыгери иштен алынды. Бишкектеги Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси Гүлзат Маймерова 21-июнда “Азаттыкка” билдиргендей, ал дарыгер Саламаттык сактоо министрлигинин оозеки буйругунун негизинде жумушунан бошотулду.

Кесиптешине тап коюп, агрессия менен урушуп жаткан дарыгердин видеосу 16-июнда социалдык түйүндөр аркылуу тараган.

Маймерова окуя былтыр жыл соңунда ЛОР бөлүмүндө болгонун, видеодогу дарыгер анын кызы экенин “Азаттыкка” ырастап, ал онкологиялык дартка чалдыккан балдарды дарылаган ЛОР хирург болуп былтыртан бери иштеп келатканын, чырдын чоо-жайын этика комиссия териштирерин, буга чейин жүрүм-турумуна байланыштуу доомат укпаганын маалымдаган.

Видео социалдык түйүндөрдө “жетекчинин агрессия көрсөткөн кызы жоопко тартылсын, иштен алынсын” деген комментарийлер менен коштолгон.

Бишкектин Жал кичи районунда жайгашкан бул ооруканада республиканын бардык аймактарынан барган жеткинчектер медициналык дарылоодон өтөт. Алар үчүн 600дөй орун бар.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *