Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Орусия Кыргызстандын балык жана сүт азыктары боюнча чектөөсүн алды

0
Орусия Кыргызстандын балык жана сүт азыктары боюнча чектөөсүн алды

Орусия Кыргызстандын балык жана сүт азыктарына киргизген чектөөлөрүн алды. Бул тууралуу бүгүн 21-июнда Айыл чарба министрлиги билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, министрликке караштуу Ветеринардык кызматтын директору Ашырбай Жусупов Орусиянын Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Россельхознадзор) жетекчиси Сергай Данкверт менен онлайн сүйлөшүү жүргүзүп, “Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) ветеринардык-санитардык нормаларына шайкеш келбейт” деген негизде аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча аткарылган иш тууралуу маалымат берди.

Натыйжада Россельхознадзор Кыргызстандын «Нурагрорыбпром», «Дары Природы» балык ишканаларына жана «Ак-Булак Плюс», «Ак-Жалга», «Жайыл Милк», «Ала-Тоо Сүт» сүт ишканаларына карата киргизген убактылуу чектөөлөрүн алмай болду. Эми аталган компаниялардын продукциясы Орусияга тоскоолдуксуз киргизиле баштайт.

ЕАЭБ алгач Беларустун, Казакстандын жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. Кийин бул уюмга Армения жана Кыргызстан кошулган.

Кыргыз өкмөтү 2015-жылы ЕАЭБге мүчө болгондо төрт эркиндик берилерин, алар - жарандардын, товардын, тейлөө кызматтарынын жана капиталдын беш өлкө аймагында тоскоолдуксуз жүрүшү экенин жарыялаган.

Уюмдун ичинде фитосанитардык нормалар жана талаптар бар.

Кыргызстандын айыл чарба продукциясын өндүрүүчүлөрү товарын Казакстандын, Орусиянын чек арасынан алып өтө албай чыгымга учураган окуялар буга чейин да катталып келген. Кээ бир талдоочулар ЕАЭБ  экономикалык эмес, Орусиянын тассирин күчөтүүчү саясий бирикме экенин айтып келишет. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *