Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Мектепти бүтүрүү кечелеринде коопсуздукту камсыздоого 5 миңдей кызматкер тартылат

0
Мектепти бүтүрүү кечелеринде коопсуздукту камсыздоого 5 миңдей кызматкер тартылат

Быйылкы мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн аттестатын же орто билими тууралуу күбөлүгүн алган күнгө байланыштуу өткөрүлүүчү кечелерде коопсуздукту 5 миңдей милиционер камсыз кылат.

Бул тууралуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) 21-июнда билдирип,  бүтүрүүчүлөрдү, алардын ата-энелерин жана мугалимдерин мыйзамсыз аракеттерге жол бербөөгө чакырып, коопсуздукту сактоого үндөдү.

ИИМдин басма сөз кызматы бүтүрүүчүлөрдөн спирт ичимдиктерин ичпей, коомдук жайларда тартипти бузбай, уруксат берилбеген жерлерде сууга түшпөөгө, унааларды өз алдынча башкарбоого чакырып, ата-энелердин жана мугалимдерден улан-кыздарды көзөмөлүнөн чыгарбоону суранган.

Былтыр Билим берүү жана илим министрлиги жалпы билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрүнө аттестат тапшырууга арналган салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө тыюу салган.

Буга чейин мектепти бүткөнүн майрамдаган окуучулар автокырсыкка кабылган жана адам өлүмү менен коштолгон учурлар катталган.

Кыргызстанда бүтүрүү кечеси салттуу түрдө 25-июнда белгиленип келет. Быйыл 9-11- класстарды Кыргызстан боюнча 180 миңден ашуун улан-кыз аяктады. Алардын 70 миңге жакыны 11-классты бүтүрдү.(ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *