Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Парламентте Мадумаровду жоопко тартуу боюнча маселе бүгүн каралат

0
Парламентте Мадумаровду жоопко тартуу боюнча маселе бүгүн каралат

Жогорку Кеңештеги “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери, депутат Адахан Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими жалпы жыйында каралат.

Төрага Нурланбек Шакиев комиссия чечими парламенттин Координациялык кеңешинде каралганын айтып, күн тартибине киргизүү үчүн добушка койду. Маселени кароого көпчүлүк депутаттар макул болушту.

Кезексиз күн тартибинде кароого Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду ээлеген кызматынан бошотуу боюнча маселе дагы киргизилди.

Мадумаровду кылмыш жоопкерчилигине тартуу маселесине байланыштуу түзүлгөн депутаттык комиссиянын чечими кандай болгону азырынча белгисиз. Пленардык жыйында көпчүлүк депутаттардын добушу менен убактылуу комиссиянын корутундусу жактырылат же четке кагылат.

Комиссия 21-июнда кезектеги отурумун жабык өткөргөн. Парламенттеги “Азаттыктын” булагы 21-июнда комиссия мүчөлөрү бир чечимге келе албай, жыйын 22-июнга калганын айтып берген.

31-майда парламенттин жалпы жыйынында төрага Нурланбек Шакиев баш прокурордон Адахан Мадумаровду Кылмыш-жаза кодексинин “Кылмышка даярдык көрүү”, “Жапырт башаламандык”, “Бийликти күч менен басып алуу” жана “Бийликтен аша чабуу” деген беренелеринин негизинде жоопко тартуу боюнча сунуш түшкөнүн билдирген.

Аны карап чыгыш үчүн депутаттык комиссия түзүлүп, курамына депутаттар Ханджеза Карим (“Мекенчил” депутаттык тобу), Кундузбек Сулайманов (“Ата-Журт Кыргызстан”), Миргүл Темирбаева (“Ишеним”), Гуля Кожокулова (“Бүтүн Кыргызстан”), Мурадил Сыдыков (“Ынтымак”), Динара Ашимова (“Ыйман Нуру”), Фарходбек Алимжанов (“Альянс”), Мирлан Самыйкожо (“Элдик” депутаттык тобу) кирген.

Башкы прокуратура ушуну менен Мадумаровду кылмыш жообуна тартуу үчүн парламенттен экинчи жолу уруксат сурап жатат. Ал 2009-жылы Коопсуздук кеңешинин катчысы болуп иштеп турганда кол койгон кыргыз-тажик чек арасы тууралуу протоколго байланыштуу былтыр 14-январдан тартып күбө катары сурала баштаган. Мадумаров өзүнө "чыккынчылык" боюнча айып тагылганын "Азаттыкка" билдирген.

Ошол кезде түзүлгөн депутаттык комиссия Мадумаровду жоопко тартууга уруксат бербөө чечимин кабыл алып, аны парламент колдогон.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *