Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Кемпир-Абад иши боюнча сот жараяны жабык өтөт

0

Иште “жашыруун” деген гриф болгону үчүн соттук териштирүү жабык өтөрүн билдирген милиция кызматкерлери айыпталуучулардын жакындарынан имараттын сыртына чыгуусун талап кылууда. Милиция чогулгандар коридорду бошотмоюнча,  күзөтчүлөр камактагыларды залга алып кирбесин айтууда.

"Азаттыктын" кабарчысы жеринен билдиргендей, үй камагындагы айыпталуучулар да сотко катышуу үчүн келе башташты.

22-июнда Биринчи май райондук соту Кемпир-Абад иши боюнча алдын ала угуу өткөрөт. Айыпталуучулардын адвокаттары сотко жараянды ачык өткөрүү өтүнүчүн берерин маалымдашкан.

Дээрлик сегиз ай тергелген Кемпир-Абад иши сотко өткөнү 19-июнда маалым болгон. Ал күнү ошондой эле Кемпир-Абад иши боюнча камалган 16 кишинин абактагы мөөнөтү дагы эки айга узарганы белгилүү болгон.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө башкармалыгы ишке “жашыруун” деген гриф койгон.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычынын жери Өзбекстанга өтүп жатканына каршы пикирин ачык билдирип чыккан 30га жакын белгилүү саясатчы, активисттер былтыр октябрда Бишкектин тергөө абагына камалган.

Ушул тапта кармалган 27 кишинин 16сы абакта жатат. Калган 11и ар кандай жагдайда үй камагына чыккан. Аялдардан жалгыз эле укук коргоочу Рита Карасартова абакта калган.

Милиция аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп айыптап жатат. Иш Кылмыш-жаза кодексинин “Жапырт башаламандык уюштурууга аракет көрүү”, “Бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү” беренелеринин негизинде козголгон. Абактагылар мунун баарын саясий куугунтук деп баалап келет.

Былтыр 17-ноябрда Жогорку Кеңеш кыргыз-өзбек чек арасынын айрым тилкелерин делимитациялоо жана Кемпир-Абад суу сактагычынын суу ресурстарын биргелешип башкаруу жөнүндө келишимди ратификациялаган.

Ага ылайык, Кемпир-Абад суу сактагычы турган 4485 гектар жер келишимдин негизинде Өзбекстанга өткөн. Кыргыз бийлиги коңшу өлкөдөн 19 миң гектардан ашуун жер алганын айткан.(ZEg/ZKo)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *