Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Орусияда полиция "Нелегал-2023" операциясын баштады

0

Орусияда "Нелегал-2023" деп аталган федералдык операция башталды.

Жергиликтүү маалымат каражаттары Ички иштер министрлигине таянуу менен иш0чаранын негизги максаты "Орусияга үчүнчү өлкөлөрдүн мигранттарын алып келген мыйзамсыз жолдорду аныктоо жана жок кылуу, мыйзамсыз миграцияны, экстремисттик жана террордук иштерди уюштурууга катышы бар кылмыш коомдорунун аракеттерин токтотуу"  деп жазышты. Анткен менен аймактардан түшкөн кабарларга караганда, мигранттарды жапырт тинтүү жана кармоо жүрүп жатат.

Орусиядагы тажикстандык мигранттар 19-июндан баштап текшерүүлөр күч алганын "Озоди" радиосуна жиберген видеодо айтып беришкен.

Видеолордун биринен Москва облусундагы Подольск шаарындагы күнөсканадан мигранттар качып баратканын көрүүгө болот.

"Эптеп качып кутулдук. Учурда токойдобуз. Полиция келсе, бул жердеги көлдү сүзүп качууга туура келет", - дейт мигранттардын бири. Анын айтымында, полиция кызматкерлери 21-июндун таңында келип, өзбек, тажик, вьетнам улутундагыларды жана башкаларды туш келди кармай баштаган.

Ал эми Красноярск аймыгында күнөсканаларда 100дөй тажик, кыргыз, өзбек мигранттары кармалганы маалымдалды. Алардын жатаканаларында тинтүү жүрүп, полиция кызматкерлери мигранттардын акчаларын, уюлдук телефондорун жана башка буюм-тайымдарын жыйнап кетишкен.

Орусияда май айынан бери мигранттарды, өзгөчө тажикстандыктарды кармоолор күч алган. Арасында студенттер да бар. Бул боюнча расмий Дүйшөмбү орус бийлигине кайрылганы менен расмий жооп болгон эмес.

Орус маалымат каражаттары жазгандай, "Нелегал-2023" операциясынын биринчи баскычы 19-25 июнь күндөрү, ал эми экинчи баскычы быйыл октябрда өтөрү күтүлүүдө.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *