Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Жапаров "күчтүү жарандык коомду курууда Германиянын колдоосу маанилүү" деп айтты

0
Жапаров

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү экенин билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-июнда Германиянын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер менен Бишкектеги"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында жолугушкан учурда билдирди.

“Германия саясий абройунун жана экономикалык потенциалынын аркасы менен дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн, анын ичинде биз үчүн да үлгү болуп саналат. Биз демократиялык баалуулуктарды - Германияда да жогору бааланган негизги эркиндиктерди жана адам укуктарын тең бөлүшөбүз. Биз үчүн өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүндө, күчтүү жарандык коомду жана укуктук мамлекетти курууда Германиянын мындан аркы колдоосу абдан маанилүү", - деген Жапаров.

Өлкө лидерлери кыргыз-немис  кызматташтыгын, бардык тармактардагы өз ара мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты.

Өз кезегинде Штайнмайер Германия мындан ары да Кыргызстанга ар тараптуу колдоо көрсөтүүгө, ошондой эле энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатында тажрыйба алмашууга даяр экенин айтты.

"Сиздин өлкөдө бул үчүн абдан жакшы шарттар бар",- деди ал.

Жапаров Кыргызстан Европада гана эмес, дүйнөдөгү лидер мамлекеттердин бири болгон Германия менен активдүү кызматташууну колдой турганын белгиледи. Мамлекет башчы өлкөдөгү ишке ашырылып жаткан ири долбоорлор, альтернативалык "Түндүк-Түштүк" жолунун, “Камбар-Ата-1” ГЭСинин, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жол магистралынын курулушу тууралуу маалымат берди. Германияга каржылык жана техникалык кызматташуу боюнча өнөктөш өлкөлөрдүн тизмесине Кыргызстандын кайрадан кирүүсүнө колдоо көрсөтүү өтүнүчү менен кайрылды. Мамлекет башчы экология жаатындагы долбоорлорду ишке ашырууга тышкы карызды алмашуу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну, Германияда окууга жана иштөөгө ниеттенген кыргызстандыктар үчүн виза процедураларын жөнөкөйлөтүүнү карап чыгууну сунуштады.

Германия Федеративдүү Республикасынын президенти Франк-Вальтер Штайнмайер Бишкекке 21-июнда келди. Ага чейин 20-июнда Казакстанда мамлекеттик сапар менен болгон. (КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *