Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

БУУнун өкүлү Жогорку Кеңеште бейөкмөт уюмдар жана ЖМК мыйзамы боюнча билдирүү жасады

0

БУУнун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Антье Граве бейөкмөт уюмдар жана ЖМК жөнүндө мыйзам долбооруна тынчыздануусун билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн, 23-июнда эл аралык уюмдар менен кызматташуу боюнча парламентте өтүп жаткан жыйында сүйлөдү.

Граве Жогорку Кеңеш эл аралык уюмдар, жарандык коом менен бирге өлкөнүн өнүгүүсүнө чоң роль ойнорун белгилеп, бейөкмөт уюмдар жана ЖМКлардын иштешин чектөөгө алган мыйзам долбооруна тынчызданды. БУУнун өкүлү депутаттарды чечим кабыл алууда бардык тараптардын сунушун угууга чакырды. Ал Кыргызстанда жарандык коом эл аралык уюмдар менен кызматташып, өлкөнүн бардык тармагында ийгиликтүү иштеп жатканына токтолду.

“Жарандык коомдун жана эркин ЖМКлардын Кыргызстанда жасалып жаткан реформаларга кошкон салымын эске алганда, аларды чектөө мыйзамдарынын кабыл алынышы  - Кыргызстан менен донорлук кызматташуунун программаларын ишке ашырууда чоң роль ойнойт. Анын ичинде саламаттык сактоо, билим берүү, социалдык коргоо, айыл чарбасын өнүктүрүүдө тоскоолдук кылышы мүмкүн. Жарандык коом кызмат көрсөтүүлөр, экономикалык өнүгүү жана мындан башка ишке ашырылуучу БУУнун долбоорлоруна өнөктөш катары негизги ролду ойнойт”, - деди Антье Граве.

23-июнда Жогорку Кеңештеги Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинин Туруктуу өнүктүрүү максаттарын ишке ашыруу боюнча мыйзамдардын аткарылышын көзмөлдөө жөнүндө жумушчу топтун жыйыны башталды. Жыйында депутаттар, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, жарандык коомдун өкүлдөрү катышып жатат.

Бейөкмөт уюмдарга көзөмөлдү күчөтөт деп сынга кабылган "чет өлкөлүк өкүл" тууралуу мыйзам долбоорун ЖК депутаты Надира Нарматова жазып, былтыр ноябрда коомдук талкууга чыгарган. Башында өзү жалгыз автор болуп көрсөтүлгөн документке дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан кайра баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы мыйзамды талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “Чет элдик агенттер” мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган.

Укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитети "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоорун шейшембиде, 27-июнда 1-окууда карайт.

Мыйзам долбооруна ылайык, “чет өлкөлүк коммерциялык эмес уюм” деген түшүнүк киргизилип, мамлекеттин көзөмөлдөөчү укуктары көбөйтүлөт.

Кыргызстанда “Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндө” мыйзам долбоорунун коомдук талкуудагы мөөнөтү 15-июнда бүткөн. Документ жакынкы аралыкта парламенттин тармактык комитетине киргизилиши мүмкүн.

“Медиа Полиси Институту” уюму президенттик администрация даярдаган бул мыйзам долбоорунун бешинчи редакциясына талдоо жүргүзүп, ал Баш мыйзамга жана эл аралык келишимдерге каршы келерин билдирген. (TSh/KE)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *