Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Президент Жапаров Баткенде жабыркаган ишкерлердин насыясын жойгон мыйзамга кол койду

0
Президент Жапаров Баткенде жабыркаган ишкерлердин насыясын жойгон мыйзамга кол койду

Президент Садыр Жапаров "2021-жылдын 28-30-апрелинде кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда жабыр тарткан Баткен облусунун ишкерлерине берилген бюджеттик кредиттерди эсептен чыгаруу жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Аталган мыйзам менен Баткенде жабыркаган ишкерлерге бөлүнгөн 15 млн. сомдой насыясы кечирилет. Мыйзамды Министрлер кабинети демилгелеп, Жогорку Кеңеш 24-майда кабыл алган.

Буга чейин Финансы министрлиги 200 миң сомдон насыя 76 адамга берилгенин билдирген.

2021-жылы 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болуп, 170тен ашуун тургун жараат алган. Жаңжалда бир катар үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны мерт болгонун кабарлаган.

Куралдуу кагылыш 2022-жылы 14-17-сентябрда да кайталанып, эки тарап бири-бирин “агрессияга” айыптаган. Анда Кыргызстандын 63 жараны курман болгон, 206 киши ар кандай жараат алган. Бир катар социалдык объектилер, турак жайлар кыйрап, өрттөлгөн. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын, 200гө чукулу жараат алганын билдирсе, “Озоди” өз булактарына таянып, каза болгон делген 80ден ашык кишинин тизмесин жарыялаган. Каза болгондор арасында эки тараптан тең балдар бар.(КЕ)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *