Путин "Вагнердин" аракетин чыккынчылыкка айыптады
Евгений Пригожин жетектеген "Вагнер" жеке аскердик компаниянын жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарындагы аскердик объектилерди басып алганы тууралуу маалыматтан кийин кайрылуу жасаган орус президенти Владимир Путин "өлкөнү коргоо үчүн бардыгын жасоого" убада берди.
Ал 24-июнда мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, "Вагнердин" аракеттерин “куралдуу козголоң” деп мүнөздөп, кырдаалды турукташтыруу үчүн “чечкиндүү чара көрүлөрүн” билдирди. Ал Пригожинди Орусиянын аскерий жетекчилигин кулатуу үчүн “жеке амбициясынан улам Орусияга чыккынчылык кылды" деп айыптады. Ростов-на-Донуда бардык жарандык жана аскердик бийлик органдарынын иши үзгүлтүккө учураганын айтты.
Путин Пригожиндин аракети Орусиянын далысына урулган бычак болгонун белгилеп, абалды 1917-жылкы окуяга салыштырды жана "күнөөлүүлөрдүн баары жазасын аларына" убада берди.
"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин жалданма аскерлери Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Ростов-на-Дону шаарын тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген.
Жума күнү Пригожин өзүнүн Телеграм-каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген. Бул үчүн орус армиясынын жетекчилигин айыптаган.
Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети мындан кийин “Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.