Кыргызстандык мигрант: Ростов-на-Донуда базар жана жолдор жабылды
Орусиянын Ростов-на-Дону шаарында ишемби күнү базарлар, айрым ири жолдор жабылганын шаарда иштеген кыргызстандык мигрант "Азаттык" радиосуна билдирди.
Анын айтуусунда 24-июнда базарды ачууга уруксат берилген эмес.
"Биз шаардын сыртында турабыз. Базар да шаардын четинде. Биз тарап тынч эле, бирок ошентсе да бизге базарды ачтырбай коюшту. Чоң трассалар да жабылды дешти. Шаардын борборун билбейм, бирок бизге эртеден бери Кыргызстандагы туугандар чалып, кабатыр болуп атышат", -деди атын ачык атабоону суранган мигрант.
Анын сөзүнө карагандаа шаар тургундарына "мүмкүн болсо эки жакка, алыс жолго чыкпай туруу" эскертилген.
Москвада болсо абал тынч экенин Орусиядагы "Ноокат" коомдук уюмунун башчысы, ишкер Толкунбай Акматов "Азаттыкка" билдирди.
"Түндө танктар ары-бери жүргөнүн уккандар бар экен. Эртең менен айрым мекендештер да мага чалып, айтышты. Азыр мен "Домодедово" аэропортуна баратам, жолдор ачык. Танктар деле, жол тоскон полиция кызматкерлери деле көрүнбөйт. Тополоң болуп атыптыр деп биз да соцтармактардан, телеканалдардан окуп, көрүп атабыз".
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги азырынча кырдаалга байланыштуу кыргызстандык мигранттардын абалы тууралуу маалымат бере элек.
"Вагнер" жеке аскердик компаниясынын башчысы Евгений Пригожин Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлүнө алганын билдирүүдө. Ал Телеграм каналы аркылуу "Эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын жетекчиси Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе, Москвага бара турганын" айтты.
Жума күнү Пригожин өзүнүн Телеграм-каналдары аркылуу орус күчтөрү “Вагнердин” позицияларына ракетадан сокку урганын жана жалданма аскерлер арасында көптөгөн жоготуулар бар экенин билдирген. Бул үчүн орус армиясынын жетекчилигин айыптаган.
Орусиянын Федералдык Коопсуздук комитети мындан кийин “Вагнер” жеке аскердик тобунунун негиздөөчүсү Евгений Пригожинге “аскердик төңкөрүшкө чакырык” фактысы боюнча кылмыш ишин козгоду.(ZKo)