Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Кыргызстанда орус рублинин курсу төмөндөөдө

0
Кыргызстанда орус рублинин курсу төмөндөөдө

Кыргызстанда бүгүн 24-июнда орус рублинин коммерциялык банктардагы курсу төмөндөп жатканы байкалууда. Көпчүлүк банктардын расмий сайтындагы маалыматтарга караганда, орус рублин алар 78-90 тыйынга сатып алууда.

Бир күн мурда орус валютасын сатып алуу курсу 1 сомдон жогору болчу.

Бүгүн Орусиянын президенти Владимир Путин мамлекеттик телеканалдар аркылуу түз эфирде элге кайрылып, өлкөдө аскердик козголоң уюштурулганын билдирди жана “аскердик жолдошторуна карата курал көтөргөндөр Орусияны сатып кетишкенин" айтты, бирок ким жөнүндө сөз болуп жатканын атынан атаган жок.

24-июнга караган түнү “Вагнер” жалданма аскердик тобунун жетекчиси Евгений Пригожин Орусиянын аскердик жетекчилигин айыптаган бир нече аудио кайрылуусун жарыялады. Андан соң ал Ростов-на-Дону шаарын көзөмөлгө алганын, эгер орус бийлиги коргоо министри Сергей Шойгу менен Башкы штабдын башчысы Валерий Герасимовду колуна өткөрүп бербесе шаарды тосмолоп, андан кийин Москвага бара турганын билдирген. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *