Ростов-на-Дону: "Вагнерчилер" шаардан чыгып кетти
Ростов-на-Дону шаарынын тургундары көчөдөгү танк баштаган аскердик техниканын кербенин кол чаап узатып жатат. Ростов облусунун бийлиги Евгений Пригожиндин “Вагнер” компаниясынын жалданма жоочулары аймактагы аскердик базаны ээлеп алгандан кийин шаардан чыгып кеткенин билдирген.