Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Түндүк Кореяда АКШга каршы жүрүш өттү

0
Түндүк Кореяда АКШга каршы жүрүш өттү

Түндүк Кореянын эли ачарчылык коркунучу тууралуу айтып жаткан учурда бийлик АКШга каршы миңдеген адамдын катышуусунда парад өткөрдү.

Мамлекеттик басылмалар Пхенянда Корей согушунун башталганынын 73 жылдыгына карата уюштурулган жүрүшкө 120 миңге адам катышканын жазышты. Алар АКШга каршы ураан менен чыгышты.

Буга чейин Би-Би-Си Түндүк Кореянын жарандары менен жашыруун сүйлөшкөндө, алар өлкөдө тамак-аш жетишпей, ачарчылыктан каза болгондор бар экенин билдиришкен. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын да жакында “азык-түлүк кризиси” тууралуу сүйлөгөн.

Түндүк Корея 2020-жылы коронавирустан улам чек араларын жаап, Кытайдан дан, жер семирткич жана техника импортун токтоткон. Би-Би-Си өлкөдө дан тартыштыгы олуттуу маселе жаратып жатканын иликтеген.

1950-53-жылдардагы Корея согушу тынчтык келишими менен эмес, элдешүү менен аяктаган. Андан бери Түндүк жана Түштүк Кореянын мамилеси согуш абалында кала берүүдө. АКШ менен Түштүк Корея өнөктөш болгон.

2023-жылдын апрелинде АКШ менен Түштүк Корея Пхеняндын курал-жарактарды көп сынап жатканына тынчсызданып, Түндүк Кореянын Вашингтон менен Сеулдун биргелешкен машыгууларын “АКШнын өзөктүк согушту тутантуу аракети” деп атаган.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *