Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Амангелдиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун активдери Бельгияда камакка алынганын ырастады

0
Амангелдиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун активдери Бельгияда камакка алынганын ырастады

Экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунун камакка алынган активдерин чыгаруу боюнча чечим чыга электигин 26-июнда “Азаттыкка” билдирди. Муну менен ал активдер камакка алынганы тууралуу маалыматтарды ырастады.

Буга чейин economist.kg сайты фонддун бельгиялык Euroclear Bank S.A./N.V. каржы мекемесиндеги камакка алынган активдерди чыгаруу боюнча Министрлер кабинетинин мүчөлөрү Брюсселге барганын жазган. Анда делегациянын курамында экономика жана коммерция министри Данияр Амангелдиев, юстиция министри Аяз Баетов, каржы министри Алмаз Бакетаев жана өкмөттөн, Орус-кыргыз өнүктүрүү фондунан өкүлдөр киргени жазылган.

Амангелдиев бул сапар мурда пландалганын айтып, камакка алынган активдер тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:

“Ал боюнча бүт эле жакта сөз болуп жатпайбы. Азырынча чечим чыга элек. Активдин көлөмү, баасы боюнча фондго кайрылгыла”, - деди министр.

Каржы министрлиги бул сапар тууралуу комментарий берүүдөн баш тартса, Юстиция министрлигинин басма сөз кызматы жооп бере элек.

“Азаттык” 23-июнда фонддун жетекчиси Артем Новиковго кайрылганда, ал эч нерсе айта албай турганын, соңку бир аптада Кыргызстанда болгонун билдирген.

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрүнүн ортосунда 2014-жылы кол коюлган келишимдин негизинде түзүлгөн. Ал Кыргызстандын Евразия Экономикалык Биримдигине (ЕАЭБ) интеграция болуусуна көмөктөшөт деген жүйө келтирилген. Алгач фонд 500 миллион доллар уставдык капитал менен иш баштаган. Кийин дагы ушунча сумма кошулуп, кыргыз ишкерлерине жалпы 1 млрд. долларлык насыя берилери маалымдалган.

Расмий сайтында жазылгандай, 2023-жылдын 1-майына карата фонд 518 миллион долларлык 3317 долбоорду каржылаган.

Отчёттордо көрүнүп тургандай, алар бул аралыкта калган каражаттарды мамлекеттик жана корпоративдик эмитенттердин баалуу кагаздарын алып-сатууга, ошондой эле эл аралык финансылык институттардын насыялык инструменттерине салып, айлантып турган. Бельгияда камакка алынган активдер ошол каражаттар болушу мүмкүн. Анткени Бельгиянын Euroclear компаниясы баалуу кагаздарды алып-сатуу, сактоо жана баалуу кагаздар активдерин тейлөө менен алектенген компания экени маалым.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *