Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

0
Аба ырайы: айрым аймактарда өткүн өтөт

Кыргызстанда 27-июнда түнкүсүн жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жана толуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 13…18, күндүз 30…35;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 10…15, күндүз 25…30;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 30…35;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 8…13, күндүз 23…28;

Нарын облусунда түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29 градус жылыйт.

Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 16…18°, күндүз 31…33° ысыйт.











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *