Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Футзал: Кыргызстан Азия Кубогунун тандоо оюндарында Иран менен беттешет

0
Футзал: Кыргызстан Азия Кубогунун тандоо оюндарында Иран менен беттешет

Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасы Азия чемпионатынын (Азия Кубогу) тандап алуу оюндарында Мальдив аралдары, Иран, Ливан курамалары менен ойнойт.

Кыргызстандын футзал ассоциация билдиргендей, 22-июнда Азия футбол конфедерациясынын баш кеңсесинде футзал боюнча 2024-жылкы Азия Кубогунун тандап алуу оюндарына чүчүкулак тартуу аземи өтүп,

анын жыйынтыгында, командалар 8 тайпага бөлүндү.

Кыргызстан Мальдив аралдары, Иран, Ливан курамалары менен «С» тайпасына туш болду. «С» тайпасындагы тандап алуу оюндары 2023-жылы 7-11-октябрь күндөрү Бишкек шаарында өтөт.

 

“Биз абдан күчтүү тайпага түштүк. Ар бир атаандашыбызды жакындан билебиз. Буга чейин ар бири менен беттешкенбиз. Менин оюмча, Иран Азиянын эң күчтүү командасы. Бул курама менен бизди оор беттеш күтөт. Ливан курамасы биздин тайпадагы дагы бир күчтүү команда болуп саналат. Мальдив тууралуу сөз кылсак, бул курам бир жыл убакыттын ичинде кыйла өстү, ал азыр такыр башка команда. Албетте, убактыбыз бар. Атаандаштарыбызды изилдеп, ага жараша даярдыктарды көрөбүз”, - деди Кыргызстандын футзал боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу Марат Дуванаев.

Чүчү кулактын жыйынтыгы:

А группасы: Таиланд, Түркмөнстан, Гонконг, Кытай.

B группасы: Индонезия, Сауд Аравия, Ооганстан, Макао.

С группасы: Иран, Ливан, Кыргызстан, Мальдив аралдары.

D группасы: Вьетнам, Түштүк Корея, Непал, Монголия.

E группасы: Тажикстан, Мьянма, Палестина, Индия.

F группасы: Кувейт, Бахрейн, Чыгыш Тимор, Бруней.

G группасы: Өзбекстан, Ирак, Малайзия, Камбоджа.

H группа: Жапония, Кытай Тайбэйи , Австралия.

Азия Кубогунун финалдык баскычына өз тайпаларда биринчи орунду ээлеген 8 курама команда, экинчи орундарын ээлеген 7 мыкты курама жана турнирдин ээси жолдомо алат. Мелдешке жалпы 16 команда катышат.

Футзалдан Азия Кубогу 1999-жылдан бери өткөрүлүп келет. 2010-жылга чейин жыл сайын өткөрүлүп келген. 2010-жылдан тартып, эки жылда бир өткөрүлөт. Кыргызстан 2005-жылы мелдештин коло байгесин уткан.

Футзалдан учурдагы Азия чемпиону Жапония курама командасы. Жапония төрт жолку Азия чемпиону болгон. Ал эми Иран курама командасы Азия чемпионатын 12 жолу уткан. Ал эми Өзбекстан 5 ирет күмүш жана 5 жолу коло байгеге ээ болгон. (GT)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *