Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы комитеттин күн тартибинен алынды

0
“Чет өлкөлүк өкүл” мыйзамы комитеттин күн тартибинен алынды

Парламенттик комитетте каралганы жаткан “чет өлкөлүк өкүл” жөнүндөгү мыйзам долбоору күн тартибинен алынды. Бул маалыматты бүгүн 26-июнда “Азаттыкка” Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан тастыкташты.

Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү боюнча комитет "Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө" мыйзамга жана Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоорун 27-июнда 1-окууда карамай болуп жаткан.

Маселе комитеттин бул күнкү күн тартибине №6 болуп киргенин, бирок кайра алынып калганын алгач парламенттик демократия жаатында алектенип келаткан юрист Таттыбүбү Эргешбаева айтып чыккан.

Бирок “Азаттык” мыйзамдын негизги автору, депутат Надира Нарматовага кайрылганда ал “Мен билбедим. Күн тартибинде эле турат” деп жооп берген.

Эл аралык уюмдардан каржылануучу бейөкмөт уюмдарды расмий түрдө “чет өлкөлүк өкүл” деп атап, аларга кошумча көзөмөлдү күчөтөт, демократияны чектейт деп бул демилгени жергиликтүү жана эл аралык укук коргоо уюмдарынын кескин сындап жатышат. Бейөкмөт уюмдар ансыз да мамлекеттик органдарга бардык тийиштүү отчетун берип турарын, ишинин ачыктыгы толук камсыздалганын билдирип келишет.

ЖК депутаты Надира Нарматова автор болуп көрсөтүлгөн долбоорго дагы 32 депутат демилгечи болуп кошулган. Бирок кийин алардын айрымдары авторлуктан баш тартып, анда ашыкча чектөөлөр, адам укуктарына каршы келген жоболор бар экенин айтып чыгышты.

“Адилет” укуктук клиникасы бул “чет өлкөлүк өкүл” мыйзамын талдап чыгып, анын 98% Орусиянын “чет элдик агенттер” тууралуу мыйзамынан көчүрүлүп алынганын аныктаган. (RK)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *