Мы в Telegram
Добавить новость
smi24.net
World News in Kyrgyz
Июнь
2023

Депутат Нарматова акча алмаштыруучу жайларга ККМ коюуну сунуштады

0
Депутат Нарматова акча алмаштыруучу жайларга ККМ коюуну сунуштады

Жогорку Кеңештин депутаты Надира Нарматова Кыргызстандагы акча алмаштыруучу жайларга Көзөмөл-кассалык машина (ККМ) орнотууну караган мыйзам долбоорун сунуштады.

Ал иштеп чыккан долбоор парламенттин сайтында коомдук талкууга чыгарылды.

Тиешелүү кабарда бул мыйзам долбоору Кыргызстандын аймагында алмаштырылган акчанын эсебин алуу, салыкты көбүрөөк жыйноо, валюталык курстардын олку-солкулугун алдын алуу жана башка нерселерди максат кылары айтылат.

Документтин маалымдама-негиздемесинде көрсөтүлгөндөй, ал Салык кодексине жана "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү жөнүндө" мыйзамына өзгөртүүлөрдү камтыйт.

Тагыраагы анда акча алмаштыруучу жайларды патенттин негизинде салык төлөгөн салык төлөөчүлөрдүн жана финансылык мекемелер жана финансылык эмес категориядагы жактардын катарынан чыгаруу каралган. Мыйзам кабыл алынса, акча алмаштыруу бюролору ар бир акча алып-сатуусун ККМ аппараты аркылуу каттап, ошого жараша салыктык режим тандап алат.

Улуттук банктын реестрине ылайык, учурда Кыргызстанда 588 акча алмаштыруучу жай бар. Кезинде алардын саны 700гө чейин жеткен.

2022-жылы кабыл алынган Салык кодексине ылайык, акча алмаштыруучу жайлар милдеттүү патенттин негизинде иштейт. Анын алкагында алар пайдадан жана сатуудан түшкөн салыктан, кошумча нарк салыгынан бошотулган. Бюролор алып-сатууну финансылык мекемелердин катарында жүргүзчү жана ККМ колдонууга милдеттүү эмес болчу.

Кыргызстандын бийлиги жаңы кодекстин алкагында соңку бир-эки жылдан бери өлкөдө товар саткан ишкерлердин баарын көзөмөл-кассалык машинелерди колдонууга милдеттендирип жатат. Ага кошумча товардык-транспорттук коштомо кагаздын электрондук түрү (ЭТТН) да киргизилди. Буга байланыштуу Бишкек жана аймактарда бир нече жолу нааразылык акциялары өткөн. (ErN)











СМИ24.net — правдивые новости, непрерывно 24/7 на русском языке с ежеминутным обновлением *